Бишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңди
Кыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңди
05.10.2026 | 09:23

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы жолдоштук беттеште Ливандын командасын 3:1 эсебинде утуп алды. Оюн 4-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Биринчи таймда кыргызстандыктар жоопсуз эки топ киргизишти. Голдорду Одилжон Абдурахманов менен Алимардон Шүкүров жаратты.
Тыныгуудан кийин Ливан курамасы бир топ киргизип, эсепти кыскартты, бирок эки мүнөттөн соң Кыргызстан кайрадан басымдуулукту арттырды. Шүкүров стандарттык абалдан айып аянтчасына топту чыгарып берип, аны Ливан курамасынын капитаны кокустан өз дарбазасына киргизип алды.
Оюн 3:1 эсебинде Кыргызстан курамасынын пайдасына аяктады.
Белгилей кетсек, бул жеңиш эки команданын тарыхындагы кездешүүлөрдүн алгачкысы болду.
Континенттин башкы мелдеши 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин Сауд Арабиясында өтөт. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы «C» тобуна жайгашып, анда Кытай, Сирия жана Иран курама командалары менен беттешет.