Кыргызстан Украинадан сорго дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алды

Кыргызстан Украинадан сорго дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алды

Кыргызстан Айыл чарба министрлигинин изилдөө жүргүзүү талаасына себүү үчүн, Украинанын атактуу окумуштуу – агроном Я.Бардинден, соргонун гибрид үрөндөрүнүн бир нече түрүн алды. Бул туурасында Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, азыркы учурда аба каттамынын жабык болгондугуна байланыштуу, бул үрөндөр Венгрия аркылуу Кыргызстандын айыл чарба министрлигине жөнөтүлдү.

​“УКРСОРГО” ишканансынын жетекчиси, өзүнүн патенттелген технологиясынын негизинде 2018-жылы кайрак жерден соргонун түшүмүн 1 гектардан 144,5 центнер түшүм алып Дүйнөлүк рекорд койгон.

Ушул жылдын башында Я.Бардин менен болгон жолугушууда сорго үрөндөрүн өздөштүрүү борборун жана аны Кыргызстанга жайылтуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жетишилген.

​Сорго дан өсүмдүктөрүнүн ичинен кургакчылыкка жана туздуу жерге чыдамдуу өсүмдүктөрдүн бири болуп эсептелет, ал 45-50°С температурада дагы өсө берет.

Сорго өсүмдүктөрү жердин шартына карабайт, жүгөрүгө караганда 3-4% көбүрөөк белокту камтыйт жана сууну эки эсе аз талап кылат, себүү үчүн үрөндү төрт эсе аз, жүгөрүгө салыштырмалуу жер семирткичти 20-30% аз сарптаса болот жана курамында глютен болбойт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө өзгөчө АКШ, Кытай жана Европа өлкөлөрүндө сорго азыктары кеңири колдонулуп (ун, крахмал, дан (крупа), кант, глюкоза ж.б.) өзүнүн пайдалуулугу менен чоң суроо-талапка ээ жана ошого жараша буудай жана жүгөрү азыктарына караганда үч эсе кымбат сатылууда.

Бул дан өсүмдүгү Кыргызстанда оң жыйынтыгын көрсөтүп, айыл-чарба тармагынын өнүгүүсүнө чоң салымын кошот деген ишеничтебиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>