Караколдо күйөөсү сабаган аялдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөйт

Караколдо күйөөсү сабаган аялдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөйт

Каракол шаарында күйөөсү ур-токмокко алган Айзат Үсөнбаеванын сабалышы тууралуу укук коргоочу, активист Камиль Рузиев кабарлаган соң, акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү жабырлануучу менен жолукту.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгына, прокуратурага ыкчам чара көрүү талаптары жөнөтүлдү.

Жабыркаган тарап арыз жазат же жазбайт деп күтө бербей, коргоо чараларын колдонуп, жабыркаган айымдын коопсуздук маселесин чечиш керек. «Нет трупа, нет преступления», – деген страустук позициядан арылыш керек. Акысыз жактоочу издештирип жатабыз. Бүгүн аялдын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы боюнча соттук отурум Каракол шаардык сотунда болору күтүлүүдө. Соттук отурумга акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү катышат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин облустук милиция маалымдагандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>