Министрлик Жерүйдө мал кырылып жатат деген маалыматты четке какты

Министрлик Жерүйдө мал кырылып жатат деген маалыматты четке какты

Талас облусунун Жерүй капчыгайындагы Кашка-Суу дарыясына аммиак жана селитра салынган мүшөктөр төгүлгөнү, ошондой эле малдын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда «Альянс-Алтын» ЖЧКсынан аммиак салынган мүшөктөр ташталганы тууралуу маалымат тараган.

«Бул факты боюнча Талас облустук башкармалыгынын инспекторлору жана ишкананын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жерүй өрөөнүндөгү Кашка-Суу дарыясына төгүлгөн аммиак жана селитра куюлган бош каптар табылган эмес. Ошондой эле жаныбарлардын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Суунун булгануу деңгээлин аныктоо үчүн анализдер жана үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү деп ырастады эколог М.Базарбаев. Суунун анализинин жыйынтыгы менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, толук маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>