Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Завуч жана 6 мугалим иштен алынды

Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Завуч жана 6 мугалим иштен алынды

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусунун өлүмү боюнча 6 мугалим жана завуч иштен алынды.

Мэриянын маалыматына караганда, мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн, акимиаттын жана профсоюздук комитетинин өкүлдөрү ошондой эле шаардык кеңештин депутаты кирген.

Комиссия жүргүзгөн иштин жыйынтыгында бул окуяга тиешеси бар делген 6 мугалим, башталгыч мектептин завучу иштен бошотулду. Комиссия функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн мектеп директоруна карата иштен алууга чейинки дисциплинардык чара көрүнүүнү сунуштады.

“Комиссия аныктагандай, класс жетекчилер 13 башталгыч класстын окуучулары үчүн эс алуу уюштуруп, бир мугалим уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Бирок, мектептин администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына билдиришкен эмес. Ошондуктан окуя болгон жерде инспекторлор дагы жок болгон. Аквапаркка башталгыч класстардан 232 окуучу, 9 мугалим жана ата-энелер тарабынан 9 өкүл барган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкек шаардык милициясы териштирүү иштерин улантууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>