Борбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашууда

7-октябрда Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы саламаттык сактоо системаларын каржылоону чыңдоо боюнча аймактык семинар башталды. Аны Дүйнөлүк банк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте уюштурду. Семинар 7–9-октябрь күндөрү өтүп, ага аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн 40ка жакын өкүлү, аймактык жана эл аралык эксперттер, Дүйнөлүк банктын жана ДСУнун кызматкерлери катышууда.
Катышуучулар саламаттык сактоону каржылоонун негизги функцияларын жана өлкөлөр туш болгон практикалык көйгөйлөрдү талкуулашууда. Алардын арасында каржылоону башкаруу, кирешелерди түзүү жана каражаттарды топтоо, медициналык кызматтарды стратегиялык сатып алуу, кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөө механизмдери, медициналык кызматтардын пакетин иштеп чыгуу, ооруканаларды каржылоо жана жеке кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишим түзүү маселелери бар. Өзүнчө тема катары калктын өз чөнтөгүнөн чыгаруучу чыгымдарын азайтуу жана каржылык коргоону күчөтүү маселеси каралууда. Ошондой эле аймак өлкөлөрүнүн тажрыйбасына, анын ичинде медициналык кызматтарды стратегиялык сатып алууга өтүүгө жана медициналык уюмдарды каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.
Жолугушууну ачып жатып, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аймактагы өлкөлөрдүн алдында жалпы милдеттер турганын белгиледи. Алар — саламаттык сактоону туруктуу каржылоону камсыз кылуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, медициналык жардамга адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана анын сапатын жогорулатуу.
«Каржылоону реформалоо — бул саламаттык сактоо системасына канча каражат бөлүнүп жатканы жөнүндө гана маселе эмес. Каражаттар кандайча топтолоору, медициналык кызматтар кандайча сатып алынары, медициналык уюмдар үчүн кандай стимулдар түзүлөрү жана каржылоо дарылоонун сапатына жана натыйжаларына кандай таасир этери да маанилүү», — деди ал.
Кыргызстан үчүн бул күн тартиби каржылоо системасын өркүндөтүү, алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын каржылык корголушун күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин фонунда өзгөчө маанилүү.
Министрдин айтымында, семинардын негизги жыйынтыгы билим алмашуу менен гана чектелбеши керек. Ар бир өлкө кандай конкреттүү кадамдарды жасай аларын жана кайсы багыттарда аймактык кызматташтык мүмкүн экенин аныктоо зарыл. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар реформалардын мындан аркы багыттарын жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн аныкташат.