Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды (видео)
05.08.2022 | 22:15
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 5-август күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 136-чакырымындагы жолду кум-шагылга толтурган.
Жерине тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында министрликтин Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары жана Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, №32 ЖТИден 2 жүктөгүч, 2 самосвал тартылган.
Тазалоо иш-аракетинин натыйжасында саат 20:23тө жол толук тазаланып, эки тарабы бирдей ачылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар