Министрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырды

Маданият министрлиги жарандарды жана туристтерди Нарын облусундагы «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексине убактылуу барбай турууга чакырды. Мындай кайрылуу комплексте жүрүп жаткан реставрациялоо иштерине байланыштуу жасалды.
Мекеменин маалыматында, учурда комплексте «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында оңдоо иштери жүрүүдө. Долбоор 2027-жылга чейин уланат. Иштин максаты — тарыхый эстеликтин конструкцияларын бекемдөө жана анын сакталышын камсыз кылуу.
Аймакта курулуш техникалары жана атайын жабдуулар иштеп жаткандыктан, жарандардын коопсуздугу үчүн айрым тилкелерге кирүүгө чектөө коюлган. Буга байланыштуу министрлик туристтерди жана жарандарды реставрациянын негизги этаптары аяктаганга чейин комплекске баруудан убактылуу карманууга чакырды.
Ал эми туристтик компанияларга маршруттарды пландоодо бул чектөөлөрдү эске алуу сунушталды. Комплекске барууну толук жандандыруу тартиби тууралуу кошумча маалымат берилет.