Улуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди

06.08.2026 | 16:57
Улуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук банкы айрым коммерциялык банктар накталай орус рублун кабыл албай жатат деп айтылган маалыматтарга байланыштуу Reporter.kg’ге комментарий берди.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, бул жагдай Орусиянын коммерциялык банктарынын чет өлкөлүк банктардан накталай рублдарды кабыл алуу боюнча көзөмөл чараларын күчөтүүсүнө байланыштуу болууда. Ушундай эле кырдаал Казакстан, Армения, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстандын банктарында да байкалууда. Мисалы, Казакстанда рублду кабыл алуу үчүн комиссия киргизилсе, Арменияда накталай орус рублу менен болгон операциялар толугу менен токтотулган.

Улуттук банк мындай шарттар Кыргызстандын коммерциялык банктары үчүн чыгымдарды жана операциялык тобокелдиктерди жаратып, тарифтерди кайра кароого алып келгенин билдирди. Ошондой эле мекеме бул чектөөлөр накталай рублдарга гана тиешелүү экенин белгиледи:

"Белгилей кетчү жагдай, орун алган чектөөлөр нак орусиялык рублдар менен болгон операцияларга гана тиешелүү, накталай эмес формада эсептешүүлөрдү, анын ичинде акча которууларды жүргүзүүгө таасир этпейт".

Ошондой эле мекеме коммерциялык банктарга накталай рублду кабыл алууга эч кандай тыюу салбаганын жана сунуштама бербегенин билдирди. Мыйзамга ылайык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссияларды жана тарифтерди белгилөө банктардын өздөрүнүн компетенциясына кирет жана алар операциялык тобокелчиликтерди жана экономикалык негиздүүлүктү эске алуу менен өз алдынча кабыл ала алышат.

Scroll to Top