Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Токмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалды
06.08.2026 | 17:43

Токмок шаарында аялын жана балдарын сабап, зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран эки айга камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин жарандык никедеги аялынын арызынан кийин 38 жаштагы киши кармалган. Аялдын айтымында, жарандык никедеги жолдошу ага үч жылдан бери зомбулук көрсөтүп келген. Ошондой эле өзүнө жана жашы жете элек эки баласын күрөк жана электр зымы менен сабаганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар