Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Михаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
06.08.2026 | 17:00

Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Мишустинди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Буга чейин жыйынга Беларустун премьер-министри Александр Турчин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов келишкен.
Эске салсак, 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин премьер-министрлеринин, ошондой эле байкоочу-мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.