Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Июнда Кыргызстанга акча которуулар рекорддук чекке жетти
10.08.2022 | 20:16
Июнь айында Кыргызстанга акча которуу системасы аркылуу 317,2 миллион доллар түшкөнүн Улуттук банк билдирди.
Көлөмү өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мурда катталган максималдык көрсөткүчкө салыштырмалуу, 2021-жылдын сентябрь айында сумма 7,34%га (295,5 млн доллардан), ал эми 2022-жылдын майына карата 23,3%га өскөн.
Акча которуулардын өсүшү Россиядан 23,25%га, 245,6 млн доллардан 302,7 млн долларга чейин болгон.
Мында алыскы чет өлкөлөрдөн трансферттер 17,43%га көбөйүп, 12,8 млн долларга чейин жеткен, бул АКШдан которуулардын 17,7%га (4,8 млн долларга чейин) жана башка өлкөлөрдөн 10,77%га (7,5 млн долларга чейин) көбөйгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика