Eagle FC 49: Кыргыз мушкери Таалайбек Адис атаандашын жеңди

Eagle FC 49: Кыргыз мушкери Таалайбек Адис атаандашын жеңди

Eagle FC 49 мелдешинин алкагында кыргызстандык мушкер Таалайбек Адис (74,9 кг) россиялык Мурад Хасаевди жеңип алды.

Беттештин жүрүшү боюнча кыргызстандык мушкер үстөмдүгүн көрсөттү. Жыйынтыгында калыстар жеңишти Таалайбек Адиске ыйгарды.

Буга чейин кыргызстандык спортчу Мухамедали Алиев (56,7 кг) россиялык Сергей Ширкунов менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызасын тарткан.

Алдыда кыргызстандык мушкерлерден Жаныш Ураимов (65,8 кг), Айдарбек Абдибаит (56,7 кг) жана Бусурманкул Абдибаит уулу (65,8 кг) беттешке чыгат. Бусурманкул Абдибаит уулунун россиялык Расул Магомедовго каршы беттеши мелдештин башкы таймашы болот.

Турнирдин коноктору — UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана «Хасбик» каймана аты менен таанымал, дагестандык блогер Хасбулла.

Турнирде орто жеңил салмак боюнча «Алай» аты менен таанымал Бусурманкул Абдибаит уулу  менен орусиялык «Ахиллес» Расул Магомедов таймашат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>