Кыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты
ЕАЭБ: Кыргызстан өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча 4-орунда турат
26.08.2022 | 23:52
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча төртүнчү орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
«Беларусь өзүн азык-түлүк менен 94%, Орусия – 90%, Казакстан – 83%, Кыргызстан – 81% камсыздайт. Арменияда бул көрсөткүч 73%ды түзөт», – деди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) расмий өкүлү Ия Малкина жума күнү брифингде.
Анын айтымында, ЕАЭБ тамак-аш менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли кыйла жогору, эксперттердин айтымында, ал 93%га жетет.
«Биргелешип ички рынокту соккулардан коргоо үчүн бизде ички мүмкүнчүлүктөр бар. 2022-жылдын биринчи жарымында 2021-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу айыл чарба өндүрүшү 1,5%дан ашык өстү», – деп кошумчалады Малкина.
Телеграм каналыбызга катталып, башка жаңылыктарды табыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика