Бүгүн, 2-сентябрь күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен ЕККУнун элчиси Алексей Рогов жана Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигеки менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Маалыматка караганда, ЕККУ Бажы кызматына 8 унаа белек кылды. МБКнын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн потенциалын чыңдоо максатында, «Операциялык потенциалды жогорулатуу жана Кыргызстан менен Афганистандын чек арасынын коопсуздугун башкарууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү» деп аталган Долбоорду ишке ашыруунун алкагында бажы кызматынын балансына 8 даана (2-RENAULT DUSTER жана 6-LADA NIVA) санда автоунаалар өткөрүлүп берилди.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда