Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
500дөй ымыркайга Акжол, Жоламан, Амантур деген ысымдар ыйгарылган
15.09.2022 | 18:41
Кыргызстанда 500дөй ымыркайга Акжол, Жоламан жана Амантурдун ысымдары ыйгарылган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-январынан 15-сентябрына чейин 292 ымыркайга Акжол, 30 Жоламан, 172 ымыркай Амантур деген ысымдар коюлган.
Өткөн жылы миңден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга Токио Олимпиадасынын байге ээлери Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын ысымдары ыйгарылган. Ошондой эле 2021-жылдын октябрь айында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө Айсулуу, Мээрим жана Айпери үч эгиз кыздын ысымын ыйгарышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз