Димаш Кудайбергендин концертин 2500дөн ашык полиция көзөмөлдөйт

Димаш Кудайбергендин концертин 2500дөн ашык полиция көзөмөлдөйт

Дүйнөгө белгилүү казак эстрада жылдызы Димаш Кудайбергендин Алматыда өтө турган концерти күнү коопсуздукту 2500дөн ашык полиция кызматкерлери камсыздай турганын казак басылмалары жазды.

Алматы полиция департаментинин башчысы Арыстангани Заппаров белгилегендей, Димаштын концерти “Казакстан үчүн гана эмес, эл аралык аренада да маанилүү окуя”.

«Ошондуктан аны ызы-чуу, башаламандык жана эч кандай мыйзам бузууларсыз өз деңгээлинде өткөрүү абдан маанилүү. Концерт өтө турган жерде да, анын айланасында да тартипти милиция камсыздайт. Ошол эле учурда Абай проспектиси менен Сатпаев көчөлөрүнүн боюнда унааларды токтотууга тыюу салынганын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу конокторду унааларын алдын ала токтотууга кам көрүүгө, экинчи катардагы көчөлөрдү колдонууга жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала жөнгө салууга чакырабыз. Ошол эле учурда концерт учурунда өзүн алып жүрүү маданиятына, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салууга өзгөчө көңүл бурабыз. Сиздерди улуу муундун күйөрмандарына жана балалуу аялдарга урмат көрсөтүүгө чакырам», — деди Заппаров.

23-сентябрда Алматыда Димаш Кудайбергендин алгачкы жеке концерти өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>