«Тамдыкта» тажик жарандары тарткан видео боюнча расмий түшүндүрмө

«Тамдыкта» тажик жарандары тарткан видео боюнча расмий түшүндүрмө

УКМКнын Чек ара кызматы социалдык тармактарга тараган Тажикстан тараптын Кыргызстандын «Тамдык» чек ара тозотунун аймагында жүргөн видеосу боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда тажик аскерлери «Тамдык» чек ара тозотун артилериялык куралдар менен аткылап, көп сандап кол салган.

Бул салгылашта чек ара тозотунун башчысы өз өмүрүн курмандыкка чалып, тозоттун өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.

«Тамдык» тозоту тажик аскерлеринин чабуулунан кийин толук бүлгүнгө учураган. Мындан улам Тажикстан тарап учурдан пайдаланып, тозот турган жерди тазалоого киришкен.

Кыргызстандын Чек ара кызматы «Тамдык» тозотунда тажик жарандары жүргөнү тууралуу маалымат алары менен тиешелүү чара көрүп, аларды тозоттун аймагынан кетирген.

«Азыркы тапта тозоттун аймагы Чек ара кызматынын көзөмөлүндө, алар мамлекеттик чек аранын аталган тилкесиндеги абалды көзөмөлдөп турушат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Кыргызстандын «Тамдык» тозотунда жүргөнү тартылган тажик жарандарынын видеосу тарап, ал коомчулукта талкууга алынып жаткан.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>