Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Орусиялык ырчы Борис Моисеев 68 жашында каза болду
27.09.2022 | 22:30
Советтик жана орусиялык ырчы Борис Моисеев 68 жашында каза болгонун анын арт-директору Сергей Горох РИА Новостиге билдирди. Өлүмдүн себептери айтылган жок.
Моисеев 1954-жылы Белорус ССРинде Могилев шаарындагы аялдар колониясында туулган. Энеси Геня Моизес саясий туткун болгон.
Эстрада ырчысы, бийчи, балетмейстер, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Анын эң популярдуу ырларынын арасында “Голубая луна” жана “Щелкунчик” (Николай Трубах менен дуэтте аткарылган) бар.
ЖМКлар Моисеев көп убакыт мурун сахнадан кетип, эл алдына чыкпай калганын жазып чыгышкан.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, 2010-жылы сүрөтчү инсультка кабылган. Экинчиси 2015-жылы болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар