Астанада Жапаров, Путин, Рахмондун сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

Астанада Жапаров, Путин, Рахмондун сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи.

Бирок, кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча маалымат айтылган жок.

  • Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.
  • УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.
  • Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.
  • Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.
  • Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.
  • Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>