Милиция чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, 17-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга карша аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери чет элдик студенттер менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда буга чейин Бишкек шаарында болгон чет элдик жарандар арасындагы массалык мушташ тууралуу сөз болду. Бул сыяктуу ызы-чууларга бөгөт коюу, социалдык тармактарды колдонууда туура эмес маалыматтарды жайылтпоо зарылдыгы белгиленди. Диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин билбестиктен бөлүшүп алуудан сак болуу керектиги эскертилди.

ЭММКАК кызматкерлери чет элдик студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулуктуу сактоого чакырышты. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин эскертишти. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди.

Мындан сырткары алардын бүгүнкү студенттердин күнү менен милиция кызматкерлери куттукташып, окууларында ийгиликтердин болуусун каалашты.

Чет өлкөлөрдөн келип Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан билим алып жаткан студенттер милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өтүштү. Алар мындай жолугушуулар оң пайдасын берээрин жана бир топ маалыматтарга ээ болушкандыгын белгилешти. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер мыйзам бузууларга барбай тургандыгын, тартипти бекем сакташаарын айтышты.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>