Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүй: Маевкадан үй тоногон киши кармалды
17.11.2022 | 22:00
Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалганын Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга арыз менен Аламүдүн районунун Маевка айылынын тургуну Ж.З. кайрылган. Анда ал 15-октябрга караган түнү анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, тигүүчү машинасын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты Аламүдүн райондук милициясына Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалган. Ал 1991-жылы туулган И.Д. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.
Милиция кызматкерлери кармалган жарандын Аламүдүн районундагы башка уурулук фактыларына тиешеси бардыгын аныкташкан.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар