Туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы акыркы сапарга узатылды

Туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 23-ноябрь күнү баш калаанын «Мекен шейиттери» мечитинде белгилүү дин ишмери, Кыргызстан мусулмандарынын алгачкы Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы сапарга узатуу аземине Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, ЖК депутаттары, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, Муфтият жамааты, экс-муфтийлер, дин ишмерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Кечээ, 22-ноябрь күнү Кимсанбай ажы 82 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Анын өмүр таржымалы туурасында маалыматтарды бул шилтемеден окусаңыз болот.

Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы каза болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>