Абытов Бакиров иш бөлмөсүнөн эмне үчүн чыгарылганын айтты

Абытов Бакиров иш бөлмөсүнөн эмне үчүн чыгарылганын айтты

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар кесиптеши Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы боюнча маселе көтөрүшүп, аны эл өкүлүнүн макамын тебелөө катары сыпатташты.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси иш сапарда экенин билдирип, Өмүрбек Бакиров эмне себептер иш бөлмөсүнөн чыгарылганы боюнча жазылган жоопту окуп берди.

«Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын ирээтке келтирүү алкагында мамлекет башчынын аппараттык бөлүмдөрү тарабынан лидерлердин жана фракция лидерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча комиссия түзүлдү деген чечим кабыл алынган. Дем алыш алдында, 18-ноябрда Өмүрбек Бакировго телефон чалып, №705 кабинетти бошотуп берүүсүн суранышып, анын жардамчыларына да кабарлашкан. Алтынчы кабаттан №637 бөлмө сунушталган. Бирок депутаттын кеңешчиси менен жардамчысы андан баш тартып, бүгүнкү күнгө чейин кеңсени бербей келишкен. Кабинеттер туура эмес бөлүштүрүлгөн деген маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатат, муну баарыбыз билебиз», — дейт Алмасбек Абытов.

Жыйында Өмүрбек Бакиров ага иш бөлмө маанилүү эмес экенин айтты. 

Буга чейин депутаттар Тазабек Икрамов, Адахан Мадумаров кесиптеши Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын сынга алышкан.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Элдин жүрөгүнөн “кабинет” табыш керек, — Бакиров иш бөлмөсү тууралуу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>