“Акун” пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү
Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды.
Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.
[image_carousel source=”media: 170677,170675,170674″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Белгилей кетсек, “Акун” пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон. Ал 2020-жылы короновирус илдетинен улам бул дүйнө менен кош айтышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнө салды