Кыргызстан менен Кипр 2027–2028-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюшту

08.06.2026 | 17:38
 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин Тышкы иштер министри Константинос Комбос

Бүгүн, 8-июнда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө алгачкы расмий сапар менен келген Кипрдин Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027–2028-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын бул багыттарда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Кипрдин министри Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жолугушууда ошондой эле Кипрдин 2026-жылдын биринчи жарымындагы Европа Бирлигиндеги төрагалыгынын алкагында Кыргызстан менен ЕБдин өз ара аракеттенүүсү каралды. Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин санкциялык саясатынын күчөшүнө жана бир тараптуу чектөөлөрдүн өлкөнүн экономикасына тийгизе турган терс таасирине тынчсыздануусун билдирди. Ал экономикалык байланыштарды саясатташтырууга каршы экенин белгилеп, бул маселелер боюнча ачык диалог жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар саясий диалогду жана эки тараптуу өнөктөштүктү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Теги: Кипр, ТИМ
Scroll to Top