Абактагы Эрлан Бекчоро уулу да кыйноого кабылганын жар салды

Абактагы Эрлан Бекчоро уулу да кыйноого кабылганын жар салды

Бул чектен чыккандык! Бул наадандык! Бул адамдык сапаттын эң төмөн кадамы! Бул укугуңарды тебелеп, ден- соолугуңарды талкалап, абактан сөөгүңөрдү чыгарабыз деген кара мүртөздүк! Мындай сүрөттө менен абакта жаткан Эрлан Бекчоро уулу кыйноого кабылганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал укук коргоо органдарына жана журналисттерге кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу Акыйкатчы институту!
Урматтуу Юстиция министри Аяз Баетов !
Урматтуу кыйноолорду алдын алуу мекемеси!
Урматтуу Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар!
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоочулар!
Бийлик Конституциялык укуктарыбызды тебелеп, бир дагы далили жок абакка камаганы аз келгенсип суук, ным баскан, камоо шарттары эң начар камерага бир күндө которушуп, абактан кыйноого алуусу деп эсептейм. Бул бир айдын ичинде баарыбызды оорулуу кылып, ошо менен өлүгүбүздү чыгаруунун негиздүү кадамдары. Бул бийликтин суук түшкөн маалда атайын жасаган иши. Башка камерадан абалы өтө начар деп айтуудан дагы өтө төмөн камерага которушу ден-соолугубузга, өмүрүрүбүзгө коркунуч алып келет. Мен кайрылган аталган институттар камерага чейин кирип, абалыбызды кабар алууңуздарды өтүнөм!
Арыз ээси 21- мекемеде күнөөсүз камалып жаткан Эрлан Бекчоро уулу«- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Айбек Бузурманкулов да кыйноого кабылганын айтып чыккан болчу.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>