«Төркүнүмө кеттим»: 30 жаштагы келиндин өлүмүнүн чоо-жайы

«Төркүнүмө кеттим»: 30 жаштагы келиндин өлүмүнүн чоо-жайы

Сузактагы адам өлтүрүү фактысына шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы “Төркүнүмө барып келемин” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБге катталып, дайынсыз болуп жаткан келинди табуу максатында тажрыйбалуу кызматкерлерден турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, издөө иштери башталган.

Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге жергиликтүү милиция барып жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүм дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 25-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын 1999-жылы туулган С.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>