Казакстандын жолдорунда миңден ашык унаа тыгылып калды

Казакстандын жолдорунда миңден ашык унаа тыгылып калды

Аба ырайынан улам Казакстандын жолдорунда 1 миңден ашык унаа тыгылып калганын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

«Аба ырайынын начарлашына байланыштуу (кар күрткүсү, көрүүнүн начарлашы, муз) жолдордун 72 тилкеси жабылды.  Анын ичинен 40ы республикалык, 32си облустук маанидеги. Жолдордогу өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча республикалык штаб түзүлдү, ушундай штабдар облустарда (Абай, Акмола, Караганды, Жамбыл жана Жетисус облустарында) иштейт. Өткөрүү пункттарында миңден ашык унаа топтолуп калды», — деп айтылат шаршемби күнү билдирүүдө.

Маалым болгондой, учурда куткаруу бөлүктөрү тарабынан 691 адам, анын ичинде 137 бала куткарылып, эвакуацияланып, 145 техника тартылды.

Элди эвакуациялоо үчүн жолдордун жабык тилкелеринде убактылуу жылытуу пункттары даярдалып, эвакуациялоо үчүн техникалар да даяр. Убактылуу жылуулук борборлорунда 179 адам болсо, анын 16сы балдар.

«Куткаруу иштерине жалпысынан ӨКМ, ИИМ жана жергиликтүү бийликтен 4 миңден ашык адам жана 1,3 миң техника тартылды. Республикалык ыкчам-куткаруу отрядынын күчтөрү 37 унааны Турген капчыгайынан Алматы шаарына чейин узатууда. Жол кызматтары жолду тазалоо иштерин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>