12-январга карата аба ырайы. Кар жаап, суук болот

12-январга карата аба ырайы. Кар жаап, суук болот

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок болуп, күрткү каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -20…-25

күндүз -14…-19

Талас облусу

түнкүсүн -21…-26

күндүз -14…-19

Баткен облусу

түнкүсүн -12…-17

күндүз -9…-14

Ош, Жалал-Абад облусу

түнкүсүн -12…-17

күндүз -9…-14

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -12…-17

күндүз -9…-14

Нарын облусу

түнкүсүн -21…-26

түштөн кийин -15…-20

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -20…-22, күндүзгү жогорку температурасы -14…-16 градуска чейин жетет.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>