Кыргызстандык ЖОЖ эл аралык деңгээлде мыкты деп табылды

Кыргызстандык ЖОЖ эл аралык деңгээлде мыкты деп табылды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center (Канада) “Жылдын мыкты университети-2022” деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун куттуктоосунда университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилгендиги айтылган. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык мамилелер багытындагы сынакта жеңишке ээ болду.

Белгилей кетсек,  Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору Монреаль шаарында жайгашкан. Бул уюм илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>