Кыргызстанда алгач ирет киберспортчуга наам ыйгарылды

Кыргызстанда алгач ирет киберспортчуга наам ыйгарылды

Кыргызстандык киберспортчу алгачкы болуп “Спорт чебери” наамын алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановду кабыл алып, ага “Киберспорт боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамын тапшырды. Бул наам Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык ыйгарылганын жана Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилүүдө.

Эмилжанов Team Secret командасынын курамында Dota 2 — The International 2022 мелдешинде 2-орунду ээлеген.

Маалымат катары: Компьютердик спорт федерациясы 2017-жылы Юстиция министрлигинде «Компьютердик спорт федерациясы» коомдук бирикмеси катары мамлекеттик каттоодон өткөн. Түзүлгөндөн бери спорттук салттардын так принциптеринин негизинде иш алып барышат.

2017-жылдын 12-майында Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы Эл аралык компьютердик спорт федерациясына мүчө болуп кирген жана ушул жылдан баштап федерация расмий түрдө кыргызстандык спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттарга жана ар кандай эл аралык турнирлерге катышуусун камсыз кылып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>