Алматыда бюллетендерди таштагандар кызматтан четтетилди

Алматыда бюллетендерди таштагандар кызматтан четтетилди

Алматыдагы шайлоо тилкелердин биринде шайлоо комиссиясынын эки кызматкери бюллетендерди таштаганы үчүн убактылуу четтетилгенин Алматы аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Алматы аймактык шайлоо комиссиясы «ID Сеним Р» медициналык пунктунун имаратында жайгашкан Карасай районунун №455 шайлоо участогунда бюллетендерди таштоо фактысы аныкталды.  Ошол себептен участкалык шайлоо комиссия мыйзам бузууларга жол берген комиссия өз милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилди.

Эске салсак, шайлоо участкаларында иштегендерге массалык түрдө бюллетендер салынып жаткан видео буга чейин социалдык тармактарга тараган. Анда эки адам анда-санда үстөлгө келип, ал жерден бюллетендерди алып, анан урнага ыргытып жатканын көрүүгө болот. Биринин жүзү көрүнбөйт, экинчиси аял экен, шайлоо участогунун кызматкери экени көрүнүп турат, сырт кийими жок, мойнунда шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине мүнөздүү төш белги илинип турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>