Чүйдө 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды

Сокулук районуна караштуу Васильевка айыл өкмөтүндө 186 млн сомдук сугат айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облустук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.

Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчике кайтарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: айдоо жер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>