Мектепти аяктоо аземине карата милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Мектепти аяктоо аземине карата милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Мектепти аяктоо аземин өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу милициянын катуу көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМ тарабынан коопсуздук чараларын көрүү максатында уюштуруу башкаруучулук чечимдер иштелип чыгып, жер-жерлерге аткарууга жөнөтүлдү. Ага ылайык, коопсуздук иш-чараларын камсыздоого республика боюнча 5 миңге жакын милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде кызмат өтөшөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.

«Урматтуу ата-энелер жана мугалимдер, балдардын мектепти аяктоо аземин жогорку уюштуруучулук менен өткөрөбүз деген максатта мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөңүздөргө чакырабыз.
Тилекке каршы, акыркы коңгуроо аземин өткөрүүдө дагы коюлган чектөөлөргө карабастан айдоочулук күбөлүгү жок балдарга унаа башкарууга жол берген учурлар дагы кездешпей койгон жок.
Андыктан ата-энелерге, мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө кайрылабыз, кортеждерди түзүп айдабай, унаанын терезесинен тулку боюн чыгарбай, спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксаат берилбеген жерлерде сууга түшпөй, унааларды өз алдынча башкарууга бербей, ата-энелердин жана мугалимдердин көзөмөлүнөн чыгарбоону суранабыз.
Бул күн, балдардын жана ата-энелердин, мугалимдердин элесинде жакшы жагынан эсте калышы керек. “Сактыкта кордук жок” дегендей, өзүңөргө жана жакындарынарга аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз» деп айтылат билдирүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>