Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Ысык-Көл: Милиция пакистандыктарга эскертүү берди
06.09.2021 | 13:14
Милиция Ысык-Көлдө убактылуу жүргөн пакистандыктарды көчөлөргө жөнү жок чыга бербөөгө чакырып, атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бул туурасында аталган райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүдө, милиция кызматкерлери аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертип, аларды мейманканалардан же пансионаттардан муктаждык болбосо чыкпоого чакырышты. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, сууга түшүүдөгү коопсуздук чараларын сактоону сунушташты.
Эгерде кандайдыр бир маселе жаралып кала турган болсо, жергиликтүү туристтик милициянын Call-борборуна кайрылып, болбосо 0705 009-102 номуру аркылуу англис же орус тилдеринде бардык керектүү маалыматты алса болоорун айтып беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом