Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырды
Манас шаарында жаңы автобекет ишке кирди
17.08.2026 | 17:18

Бүгүн, 17-августтан тарта Манас шаарынын Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекет иштеп баштады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Жаңы тартипке ылайык, шаардан сырткары каттаган бардык маршруттук унаалар жана таксилер ушул автобекеттен жөнөйт. Бекетте жүргүнчүлөр үчүн күтүү залдары жана унаалар үчүн атайын токтотуучу орундар каралган.
Учурда каттамдарды жаңы бекетке өткөрүү процесси жүрүп, такси айдоочуларына жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: автобекет, Манас шаары