Кыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынат

Кыргызстанда ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатуу максатында «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу тиешелүү токтомдун долбоору учурда мамлекеттик органдардын макулдашуусунда турат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, жаңы ишканага алгачкы этапта 1,5 миңге жакын жеке ветеринар ишке алынат. Алар мал эмдөө жана кан алуу сыяктуу мамлекеттик тапшырмаларды аткарышат. Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү жаңы жылдан тарта пландалууда.
Ветеринарлардын айлык акысы 30–40 миң сомду түзүп, ишинин натыйжасына жараша бонустар кошулганда кирешеси 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, алар мал дарылоо жана операция жасоо кызматтары үчүн жарандардан акы алуу укугуна ээ болушат.
Ардагер ветеринар Жалил Алымкулов бул демилгени колдоп, мал доктурларды мамлекеттик кызматка тартуу туура чечим экенин белгиледи. Анын айтымында, бул чара квалификациялуу кадрларды айыл жеринде кармап калууга жана ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт.