Новопокровкада 289 млн сомго 100 орундуу облустук төрөт үйү даярдалууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында мурдагы оорукананын имаратын капиталдык оңдоо аяктап калды. Ал жерде 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу пландалууда. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2026-жылы башталган. Март айында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жумушчу сапарынын алкагында оңдоо иштеринин башталышы менен таанышкан.

Учурда фасаддык иштердин басымдуу бөлүгү аткарылып, терезелер орнотулду. Бөлмөлөрдүн ичин жасалгалоо, инженердик коммуникацияларды, желдетүү системаларын жана шып конструкцияларын монтаждоо иштери уланууда.
Имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 200 миллион сом бөлүнгөн, болочок төрөт үйүнө медициналык жабдууларды сатып алууга дагы 89 миллион сом каралган.


Оңдоо иштери аяктагандан кийин имаратка 100 орундуу Чүй облустук төрөт үйү жайгаштырылат.
Саламаттык сактоо министрлиги жаңы объект аялдарга акушердик жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлери үчүн зарыл инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча катары колдонулган имаратта жайгашкан. Мекемеден белгилешкендей, бул толук кандуу адистештирилген медициналык жардамды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.


Жаңы төрөт үйүндө кош бойлууларга жана көз жарган аялдарга жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, мекеме медициналык жабдуулар менен толук камсыздалат.
Саламаттык сактоо министрлиги объектти капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жабдуу процессин көзөмөлдөөнү улантууда.
Иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо пландалууда.