Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылды
17.08.2026 | 17:05

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүндөгү жаңжалдын эки катышуучусу майда бейбаштык үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 13-августта социалдык тармактарда эки жарандын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыккан жаңжалдын видеосу тараган.
Милиция кызматкерлери жаңжалдын катышуучуларынын өздүгүн аныкташты. Алар 1999-жылы туулган Л. М. жана 1992-жылы туулган А. Д. экени белгилүү болду. Экөө тең Биринчи май РИИБге жеткирилди.
Аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлдү.
Материалдар кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү.
Теги: Бишкек, задержание