Жапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт

Жапониянын Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун адистери Кыргызстандагы Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү баштоо максатында келишти. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Бүгүн, 17-августта, Улуттук тарых музейинде жапондук делегация, анын ичинде профессор Кадзуя Ямаути, профессор Акира Фудзисава жана доцент Сигэо Сайто менен музейдин директору Назгүл Өмүрзакова жолугушуусу өткөн.
Анда кыргызстандык жаш музей адистери үчүн реставрациянын заманбап ыкмалары боюнча мастер-класстарды өткөрүү жана аларды Жапониянын реставрациялык борборлорунда стажировкадан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тэйкё университетинин өкүлдөрү бул демилгелерди колдоп, Улуттук тарых музейинде институттун археологиялык экспонаттарынын көргөзмөсүн уюштурууну сунушташкан.
Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институту 2012-жылы түзүлгөн. Ал дүйнө жүзү боюнча маданий мурастарды изилдөө жана адистердин квалификациясын жогорулатуу багытында иш алып барат.