Бишкек: Жол кырсыгынан 3 киши жараат алды

08.09.2021 | 10:00

Жукеев-Пудовкин менен Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Натыйжада үчөө жабыр тартканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек (1973-жылы туулган Ч.Т., 2000-жылы туулган Н.А.) жана 2007-жылы туулган Н.А. аттуу кыз жеңил жаракаттарды алышкан.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 [image_carousel source=”media: 95873,95874,95872″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top