ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Түркия 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет
08.09.2021 | 10:16
Түркия тарап Кыргызстанга 150 мин доза Sinovac вакцинасын берээрин Саламаттыктыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын кездешүүсүндө белгилүү болгон. Бул маалыматты аталган министрликтин басма-сөз кызматы таратты.
Аталган вакцинаны качан берилээри так айтылган эмес. Буга чейин да Түрк өкмөтү COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, медициналык жактан жардам катары материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүп келет. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом