Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Сосновка: Тоо этектеринен өрт чыкты
09.09.2021 | 09:45
Бишкек-Ош жолунун 83-чакырымында, Сосновка айылынын тушундагы тоо этектеринде куураган чөп күйүп жатат. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Өрт тууралуу маалымат келип түшөр менен саат 17:43тө өрт өчүрүүчү автоунаада төрт куткаруучу жерине чыгып кеткен. Караңгы киргенде кайра өртөчүрүү иштери токтогон. Ал жер бийик тоолуу болгондуктан кечинде иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан төрт куткаруучу өрттү көзөмөлгө алып турат. Өрт азыркыга чейин толук өчө элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар