Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов каза болду
10.09.2021 | 12:19
Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул суук кабарды Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын фейсбуктагы баракчасына жазды.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, бүгүн түнү кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап акка моюн сунган.
- Жайылов Таалайбек Ташиевич 1969-жылдын 21-октябрында Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылында жарык дүйнөгө келген.
- 1986-жылы орто мектепти аяктаган соң эмгек жолун Нарын совхозунда баштаган.
- 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарына чакырылып, Афганистанда кызмат өтөгөн.
- Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетти аяктаган. 2012-жылы Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча билим алган.
- 1990-2001-жылга чейин Совет совхозунда жумушчу, Шыкмамат айыл чарба коперативинде бухгалтер кызматтарын аркалаган.
- 2001-2008-жылдары Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагынын почта бөлүмүнүн башчысы.
- 2008-2019-жылдары Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы.
- 2019-2021-жылдары Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.
- 2021-жылдын 22-майынан бери Кыргыз Республикасынын Президенттинин буйругу менен Аламүдүн районуна которулуп келип аким болуп иштеп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом