«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
ИИМ фейктердин коомдук пикирге таасир этишине жол бербөөгө чакырды
20.07.2026 | 16:57

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда тараган маалыматтарды сын көз караш менен баалап, расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.
Мекемеден билдиришкендей, текшерилбеген маалыматтар, чагымчыл жарыялоолор жана жалган билдирүүлөр адамдарды адаштырып, коомдук чыңалууну жаратып, улуттар аралык ынтымакка терс таасир тийгизиши мүмкүн.
ИИМ жарандарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого, текшерилбеген маалыматтарды таратпоого жана маалыматтык мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.
«Жарандыгына, улутуна жана коомдогу социалдык абалына карабастан мыйзам баарына бирдей. Мыйзам талаптарын бузган ар бир учур белгиленген тартипте укуктук баасын алат», — деп белгилешти министрликтен.
Ошондой эле ведомство бири-бирин урматтоого, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана маалыматтын ишенимдүү булактарына гана таянууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом