21-июль: Синоптиктер жаан, күн күркүрөп, катуу шамал болорун эскертишти

21.07.2026 | 09:00
21-июль: Синоптиктер жаан, күн күркүрөп, катуу шамал болорун эскертишти — Новости Кыргызстана

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-июлга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Күндүз айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38, Таласта түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Баткенде түнкүсүн +22…+27, күндүз +32…+37, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +32…+37, Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34, Нарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +34…+36 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.

Scroll to Top