«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Депозиттерди коргоо фондунун активдери 11,1 млрд сомдон ашты
20.07.2026 | 16:48

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Депозиттерди коргоо фондунун активдери 1 млрд 425,1 млн сомго, же 14,7%га өсүп, 30-июнга карата 11 млрд 135,4 млн сомду түздү.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин отчетуна ылайык, өсүштүн 842,6 млн сому депозиттерди коргоо тутумунун катышуучуларынын мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен, ал эми 582,5 млн сому таза инвестициялык кирешенин эсебинен камсыз болгон.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын 31-декабрына карата фонддун активдери 9 млрд 710,3 млн сомду түзгөн.