WB кампаларына жасалган чабуулда жабыркаган кыргызстандыктардын саны көбөйдү — КР ТИМ

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries кампаларында украин дрондорунун соккуларынан жана андан улам чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактоону улантууда.
КР ТИМ билдиргендей, ишемби күнү Электросталдагы кампага жасалган чабуулда бир жаран жабыркаганы маалымдалган болчу.
«20-июлга карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын эки жараны — Н. А. жана Ж. уулу А. ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Экөө тең Электросталь шаарындагы ооруканада жатышат. Элчиликтин кызматкерлери жабырлануучулар жана алардын туугандары менен жолугушуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү», — деп айтылат маалыматта.
Каза болгон кыргыз жарандары тууралуу расмий маалымат азырынча түшө электиги белгиленди.
Элчилик ошондой эле өрттүн кесепетинен документтерин жана өздүк буюмдарын жоготкон эки жаранга жардам көрсөттү. Аларга Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүктөр берилди.
Эскерте кетсек, 18-июлга караган түнү украин дрондору Электросталдагы Wildberries кампасына чабуул коюшкан. Бир адам каза болуп, 40тан ашык жабырлануучу ооруканага жаткырылган, алардын ичинен жетөөнүн абалы оор деп бааланууда. Дагы 29 адам амбулатордук жардам сурап кайрылган.
Wildberries компаниясынын Котовск шаарындагы дагы бир кампасы да чабуулга кабылган. Бул соккунун кесепетинен жети адам каза болуп, дагы 25 адам жаракат алган.
Буга чейин «Wildberries-Russ» компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким Электросталь жана Котовск шаарларындагы логистикалык объектилерде товарлары зыянга учураган сатуучуларга берилчү төлөмдөрдүн өлчөмүн жана башка каржылык колдоо чараларын компания иштеп чыгып жатканын ЖМКларга билдирген.
«Каза болгондордун үй-бүлөлөрү компаниядан 2 миллион рубль алышат. Ал эми оор абалда жабыркагандар — 1 миллион рубль», — деген ал.