ИИМ өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты

ИИМ өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты

Криминалдык милиция түзөтүү мекемелеринин биринин аймагында жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин 1-мекемесинин аймагында күйүп жана асылып турган маркумдун денеси табылган, анын өздүгү аныкталып, ал соттолгон 1996-жылы туулган У. уулу Э. болуп чыккан.

Дээрлик эки жыл мурда болгон бул оор кылмыштын бетин ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте ачышты.

Бул иш коомдук резонанс жараткан оор кылмыш болгондугуна байланыштуу аны иликтөөнү  Милициянын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери колго алышкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда бул оор кылмышка Чүй облусунда 1994-жылы туулган Ж. уулу Т.нын тиешеси бар экендиги аныкталган, ал учурда ар кандай оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолуп жазасын өтөп жаткан.

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде жазасын өтөөдө. «Общаковскийлер» деп аталган терс маанайдагы соттолгондордун бири жана «жолугушуу бөлмөсүнүн» көзөмөлчүсү болот. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул кылмышка шектүүнүн дагы бир оор кылмышынын бети ачылды. Ал туурасында кийинчерээк маалымат таратылаарын билдиришүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>